• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Опера жана балет театрындагы чыр: Комиссия ишин аяктады

25 Жалган куран 2021 16:21 Бишкек Govori.TV

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы окуя боюнча териштирүү аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, атайын түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады, анын корутундусу даяр болгондо жалпыга жарыяланат.

Эскерте кетсек, 6-мартта опера жана балет театрында «Лебединое озеро» спектакли коюлмак. 17:00дө баштала турган спектакль өз мөөнөтүнөн кыйла кечигип, соңунда 40 мүнөт өткөндөн кийин жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, орусиялык артисттер менен иштешпей турганын айтышып, көрөрмандардан кечирим сурашкан. Кийинчирээк маалым болгондой, чыр-чатак эмгек акыга (гонорар) байланыштуу чыккан. Чырга байланыштуу 9-мартта атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирген.

Количество просмотров: 155