• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эки жаранды сабагандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды

7 Аяк оона 2019 11:26 Бишкек Govori.TV

Баш калаада эки кишини катуу сабаган балдарды жашырды деп шек саналган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 6-сентябрда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренсине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанындагы мушташта эки киши катуу сабалып, ага шектүү катары изделип жаткандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган.

УКМК тараткан маалыматка караганда, окуя болгон жерге Чүй облустук милициясынын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылууга аракет кылган. Бишкек шаардык милициясынын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Количество просмотров: 350