Бишкек.27.04.2019.Govori.TV.
27-апрель күнү, Т. Абдумомунов атындагы драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн Экинчи Элдик курултайы өтүүдө.
Аталган курултайда күн тартиби добуш берүү аркылуу бекитилип, өлкөдөгү башкаруу системасы, эки маселенин бири болуп, кызуу талкууланды.
Демилгечи топтун курамы: КРнын Жогорку Кеңеши,референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган маселелер боюнча элдин эркине ылайык, Конституциялык реформаны токтоосуз баштасын деген өңдүү мыйзам долбоорун бүгүнкү курултайда сунуштады.
Андан тышкары, Экинчи Элдик курултайга Турсунбек Акун, Бектур Асанов, Ахматбек Келдибеков өңдүү мурунку саясатчылар катышты.
Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык, коомдук,саясий жана мекенчил күчтөрүнүн долбооруна 10 миң жаран макулдугун берсе, референдумдун жыйынтыгы расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.