Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Европа Коопсуздук жана Кызматыштык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандын бийлигин “Апрель” телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды. Бул тууралуу ЕККУнун маалымат кызматы кабарлады.
“Арлем Дезир телеканалдын мүлктөрү камакка алынып, иши токтотулганына тынчсызданганын билдирет. Ал камакка алуу чечими өзгөчө жагдайда кабыл алынганын, деген менен бийликти аны кайра карап чыгууга чакырат.Дезирдин айтымында, кыйын учурда да ЖМКнын эркин жана ар тараптуулугун сактоо керек. ЕККУнун өкүлү мындан сырткары саясий темаларды чагылдырган журналисттердин коопсуздугуна кам көрүү зарылдыгын эске салды”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, “Апрель” телеканалына “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан чыгарылышындагы коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү мүлкү катары камакка алынган.