• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Эколог Эмил Шүкүровдүн ысымын жаңы ачылган сейил бакка берүү сунушталууда

30 Баш оона 201918:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жаңы ачылган сейил бакка жакында каза болгон илимпоз-эколог Эмил Шүкүровдун ысымын ыйгаруу сунушталууда.

Мындай сунуш менен бир катар активисттер интернетте онлайн петицияга кол коюшууда. Алар Шүкүровдун кыргыз илиминин өнүгүшүнө кошкон жана экологияны коргоо боюнча салымдарын эске алуу менен ысымын берүү зарылдыгын белгилеп жатышат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-августта жалпы аянты 10 гектарды түзүп, жаңы парктын аймагына Walt Disney кинокомпаниясы чыгарган мультфильмдердеги жаныбарлардын фигуралары коюлган. Иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн.

Количество просмотров: 67