• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экономика министри Өзбекстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

1 Бештин айы 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстандын кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолгушууда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун деңгээлин өнүктүрүү үчүн жогорку мүмкүнчүлүктөрдү белгилешип, эки өлкөнүн аймактарында, ошондой эле эки өлкөнүн чек ара зонасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара соода жана инвестиция тармагында өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу боюнча сунуштарды айтышты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн президенттери тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү, өнөр жай кооперация чөйрөсундө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралар планын, биргеликте артыкчылыктуу болгон долбоорлорду жана башкаларды иш жүзүнө ашыруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында атараптар эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жана жемиштүү өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Количество просмотров: 77