Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Бишкектеги кичирайондордун биринен 1990-жылы туулган Е. Ж. жана 1983-жылы туулган А. А. аттуу Казакстандын Жамбыл облусунун тургундары кармалды. Алар өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелип, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кошумчалай кетсек, 24.kg сайты билдиргендей кармалгандар экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун ишине тиешеси бар экени айтылууда.