• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Экс-депутат Калмаматов камакка алынды

22 Бештин айы 2021 14:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу калмаматовдун өкүлү Айым Камчыбекова билдирди.

Анын айтымында, Каламаматовдун камакка алынганын анын жактоочусу кабарлган.

«Ал азыр 48 саатка камакка алынды. Кайсы беренеге шектелип кармалганы боюнча маалымат бериле элек», — деди ал.

Белгилей кетсек, Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 147