• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-депутат Масалиев мэрге: Колунан иш келбеген киши эстеликтер менен күрөшөт

25 Баш оона 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болгондон кийин шаарда орнотулган Владимир Лениндин эстелигин алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жеке пикирин жазды.

«Бүгүн бир кабар угуп калдым. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Лениндин эстелиги жөнүндө кеп кылыптыр. «Эл чечим кабыл алса эстелик алынат» дептир, башка көйгөй Ошто калбаптыр… Балыкчыда эстеликти алып койдуң, шаардыктар жыргап кетиштиби? Алмаз иним, сураныч ушундай иштеринди таштасаңчы! Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шарт түзүп берген кишилердин бири Владимир Ленин болгон, аны эч ким танбайт. Акылы жок, колунан жакшы иш келбеген киши эстеликтер менен күрөшөт. Андан көрө токтогон ишканаларды жандандырып, мектептерге көңүл бур!»,-деп жазган Масалиев.

Количество просмотров: 1239