• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс-депутат Жалгап Казакбаев каза болду

5 Теке 202014:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узакка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду.

Казакбаев 6-июлда Кара-Балта шаарында акыркы сапарга узатылат.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. Ал көп жылдар бою Кара-Балта тоо-кен комбинатында эмгектенген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

Количество просмотров: 119