Свердлов райондук соту активист, укук коргоочу Рита Карасартованы 12-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Рита Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылды.
14-апрелдин кечинде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп, аны беткапчан жана куралчан милиция кызматкерлери кармап кеткен. Андан соң ал 48 саатка кармалган.
Кармалардын алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга 10-апрелден бери дайыны чыкпай жатканы айтылганы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык деген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганы менен байланыштырган.