• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Экс-мэр Азиз Суракматовдун кармалганы айтылды

26 Бугу 202122:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Бүгүн,  26-майда Суракматов УКМКнын шаардык башкармалыгына суракка чакырылганы кабарланган. Маалым болгондой, ал суракка саат 16:00дө кирген. Азырынча ал кайсы иш боюнча кармалганы айтылган жок.

УКМК Суракматовдун кармалышы боюнча расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Суракматов шаардык мэрияны 2018-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин башкарган. Экс-мэр башында турган «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы» (НДПК) шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүнө өткөн. Бирок алар добуш сатып алууга айыпталып, шайлоо жарышынан четтетилген.

Количество просмотров: 275