Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Борбор калаанын 141 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага атайын Москвадан учуп келген экс- мэр Н. Түлеевге сөз берилип, шаар тургундарын позитивдүү маанайда майрамы менен куттуктады. Андан тышкары, “Экс-мэрлер сүйлөп жатканда анча-мынча кол чаап колдоп тургулачы алтындарым!”,- деп шаар тургундарынан суранып өттү.
Белгилей кетсек, Н. Түлеев Бишкек шаарын 2008-2010 жылдар аралыгында башкарып турган учурда борбор калаада көптөгөн өзгөрүүлөр болгону бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.