• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Экс-мэрлердин сотундагы ызы-чуу чыкты

20 Аяк оона 2019 11:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылды.

Сот отурумунун жүрүшүндө Нуралы Досалиев күбө катары К.Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

Күбө Досалиев Бишкек мэриясынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүндө башкы адис болуп иштеген. Ошондой эле мектептин курулушу боюнча сынак өткөрүүдө укуктук колдоо көрсөткөн юрист болгон. Ал айыпталуучулар Кулматов менен Сталбек Өмүркановдун (коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы) тактоочу суроолоруна жооп бере алган жок. Күбө ар бир суроого эсинде жок экенин айтып, жооп берген жок. Анын жообунда залда отургандар жана айыпталуучулар канааттанган жок.

«Сен эң акылдуу юрист эмес белең, Казань университетин бүтүргөнсүң», — деди күбөгө Өмүрканов.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларга жана алардын тарапташтарына эскертүү берүүнү суранды. Анын айтымында, алар күбөгө басым жасап жатышат. Ал тарапташтарды залдан чыгарууну сурады.

Судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын тарапташтарынын бирин залдан чыгарууну талап кылды.

Жактоочу Сергей Слесарев прокурорго буга чейин айыптоочу тарап башка күбөлөргө басым жасап, анда судья эскертүү бербегенин айтты.

Өз кезегинде Кулматов ал сүйлөп жатканда мамлекеттик айыптоочулар сөзүн бөлгөндө судья эмне үчүн эскертүү бербегенин сурады. «Эгер биздин оозубузду жаап жатышса, анда мен дагы чыгам. Ачкыла», — деди ал.

Судья кайрадан тарапташтардын бирин залдан чыгарууну талап кылды. Ал залда адамдар көп болгондуктан чыга албай турганын айтып, сот процессине комментарий бербөөнү убадалады. Судья түшкү тыныгуудан кийин аталган тарапташты залга киргизбөөнү тапшырды.

Прокурор тыныгуу сураганына карабай отурум улантылды.

Булак; АКИ пресс.

Количество просмотров: 5144