• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Экс-премьер-министр Оторбаев сотко алынып келди

24 Аяк оона 202112:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келди.

Саясатчы Кумтөр иши боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми Биринчи май райондук соту 18-сентябрда аны 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, Оторбаев Кумтөр ишине байланыштуу 16-сентябрда убактылуу камакка алынган.

Количество просмотров: 158