Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселесин карай турган депутаттык комиссия түзүлүп, курамына 10 депутат кирди.
Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети кабыл алып, Жогорку Кеңешке сунуштады. Аны 96 депутат колдоп, төртөө каршы болгон. Натыйжада Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын курамы дагы бекитилди:
КСДП фракциясы — Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
«Республика – Ата Журт» фракциясы — Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы — Алтынбек Жунус уулу;
«Бир Бол» фракциясы — Бактыбек Турусбеков;
«Ата Мекен» фракциясы — Каныбек Иманалиев.
Комиссиянын мүчөлөрү 7 күндүн ичинде корутунду чыгаруу милдетин алды.