Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков кезексиз тп жаткан президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктай турган референдумга келип, өз добушун берди.
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган нааразылык акциясы 5-6-октябрь күндөрү массалык тополоң менен коштолгон. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан.
Тополоңдо бир адам мерт болуп, 50дөн ашуун киши түрдүү жаракат алган.
Өлкөдө жаралган жагдайдан улам президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып берген. 62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган.