Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу мекендештерим!
Ар бир мусулман баласы үчүн ыйык болгон Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Улуу Орозо айында жан дүйнөбүздү арууладык, жүрөгүбүздө ыймандуулук өкүм сүрүп, коомубузда боорукерлик, кайрымдуулук, биримдик орношуна умтулдук. Ак ниетибиз менен бири-бирибизге, жалпы мекенибизге жакшылык тиледик.
Жараткан Кудайдан тилеген тилектерибиздин баары кабыл болсун! Кыргызстаныбыз бөөдө кырсыктардан, жамандыктардан алыс болуп, элибиз ыйманга, жерибиз ырыскыга толсун!
Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын!
Айтыңыздар маарек болсун!»