Бишкек. 21.08.2019. Govori.TV
Экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев билдирүү жасады. Анда, ал «Гезиттерде «Атамбаевдин баласынын сумкасынан өтө көп суммадагы акча табылды» деп жазып жатасыңар. Ооба, 170 миң сом бар болчу, биздин атабыз Курман айтка карата жыл сайын Арашан айылына 10 букадан таратып берчү. Бул букаларга аванс катары бериле турган акча болчу. Бийлик ушу калган 170 миң сомду менден эмес, элимен тартып алды!»-деп билдирди.
Айтымында, «Муну атабыз 1992-жылдан бери салтка айланткан. Айткым келген эмес эле, атабыз жыл сайын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, кары-картаңдарга жана майыптарга да жардам берчү. Бул жылы биздин үй-бүлөбүзгө оор болду, ошон үчүн өзүмдүн ниетим менен атамдан уруксат алып, өз каражатыма атамдын атынан элге жардам берем деп ойлогом. Карапайым калкыма, алыстан келген мекендештериме, жөнөкөй элдерге, биздин «Элдик Штабды» колдогон кишилерге ыраазычылык билдирем деп ойлогом. Эл өзү чогулуп, бизди колдоп беришти»,-деп кошумчалады.