Бишкек.15.06.2019.Govori.TV
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна алып келинди. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева «Говори.ТВга» билдирди.
«Улуттук кардиологиянын дарыгерлери Аида Жеңишбекованы текшергенден кийин тез арада ооруканага жаткырып, толугу менен эс алуу керектигин айтышты. Бүгүн кардиялогия бөлүмүндө калабы али белгисиз. Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигинин чечимин күтүп жатабыз», -деди Ч.Турдалиева.
Кошумчалай кетсек, 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал эми анын жактоочусу экс-башкы прокурор буга чейин жүрөк кемтиги илдетинен жабыркап келгенин, ал оорусу абакка түшкөндөн кийин күчөй баштаганын, түндө тахиркардия болуп, абалы оорлоп жатканын айтып, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарына кайрылганы маалымдалган.