• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Медет Садыркуловдун өлүмү. Санжар Сапарбеков 14 жылга кесилди

18 Жетинин айы 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кармалган Санжар Сапарбеков 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 18-ноябрда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев чыгарды.

Сот Сапарбековду адам өлтүрүү, мыйзамсыз камоо, документтерди жана башка адамдардын мүлкүн жок кылуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал жалпы режимдеги колонияда кармалат.

Мунун алдында Санжар Сапарбеков акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөсү жок экенин айткан.

Эске салсак, шектүү Санжар Сапарбеков өткөн жылдын ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Количество просмотров: 205