Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылып жатат. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, кесиптештери, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, саламаттыкты сактоо министри келди.
Мукар Чолпонбаев кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан каза болду. Ал ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кечээ 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан каза тапты.