Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
Ички иштер министрлигинде 12-февралда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп, ички иштер органдарынын жетекчилик курамында ротация жүргүзүлдү, деп билдирген министрликтин басма сөз кызматы.
Ал эми Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Аалиев Улан Карыбекович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы кызматына дайындалган.
Алмазбек Жумабеков — Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдун бир тууган агасы.