• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Экс-төрага Канат Исаев 6-чакырылыш таркоосу керек дейт

19 Жетинин айы 2020 13:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, депутат Канат Исаев легитимдүүлүгү суроо жаратып жаткан 6-чакырылыштын депутаттарынын катышуусунда конституциялык реформа өткөрүү кылмыштуу деп эсептей турганын 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Депутаттар мыйзам долбоорундагы өзгөрүүлөр менен таанышкан эмес. Концтитуциялык мөөнөттөр сакталган эмес. Конституцияга өзгөртүүлөрдү шайпай, ойлонуп кылуу керек. Азыркыдай эмес», — деген ал.

Исаев кошумчалагандай ал өзү президенттик башкаруу системасына каршы, жана ошондой эле ал 6-чакырылыш таркап парламенттик шайлоо дайындалуусу керек деп эсептейт.

Эске салсак, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Количество просмотров: 1088