• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды

9 Аяк оона 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 8-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаранды кармады.

Ведомстводон билдиргендей, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 214