• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Экстремисттик-террористик мүнөздөгү видеоматериалдарды жайылткан жаран кармалды

15 Жалган куран 2022 13:36 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун 1995-жылы туулган Р.Ж. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү Р.Ж атуу жаран өзүнүн атындагы “ютуб” каналы аркылуу экстремисттик жана терористтик мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп тургандыгы аныкталган.

Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.Ж. аттуу жаран бир тууган агасы 1992-жылы туулган Р.М. жана жеңеси Р.М. Сирия мамлекетинде жүргөндүгү дагы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Ош ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 91