• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

4 Тогуздун айы 2019 17:15 Бишкек Govori.TV

Орус-грузин чек арасынан эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралу «Эфкате» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны «Адлер» бажы постунан Абхазияга өтүп кетүүгө аракет кылганда кармалган. Текшерүү маалында кармалган жаран Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн бир айдан бери издөөдө жүргөнү аныкталды. Ага «аткезчилик» айыбы тагылган.

«Тергөө жүрүп жатканда шектүү жаран өз өлкөсүнөн качып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Орус-грузин чек арасынан колго түштү», -деп жазат басылма.

Количество просмотров: 207