• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кечмей болду

12 Тогуздун айы 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) алдындагы карызы 12,6 млн долларга кыскарат. Бул тууралуу 12-октябрда Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ЭВФтин аткаруучу кеңеши кирешеси аз 24 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда оор кырдаалды алдын алуу жана жеңилдетүү фонду боюнча карыздарды кечүү тууралуу чечимди жактырды.

«Карыздын кечилиши каржы ресурстарын бошотуп, COVID-19 пандемиясынын таасирин жумшартуу максатында саламаттыкты сактоо секторуна жана экономикалык колдоо көрсөтүүгө бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди министрлик.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалымдалган. Эгер маселе чечилсе 51,1 млн долларды төлөө мөөнөтү узартылат.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Количество просмотров: 256