• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл башына кыйынчылык түшкөндө, эр карап турабы!

13 Теке 2020 13:44 Бишкек Govori.TV

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеке ишкер Улан Бакасов 30 даана кычкылтек концентратор тапшырды.

Улан Бакасовдордун үй-бүлөсү аймактагы ооруканага жалпы жонунан 100 даана ушундай аппаратты алып берүүнү пландаган. Жеке ишкердин айтымында жакын арада дагы 70 аппарат Туркиядан алынып келери күтүлүүдө. Азыркы пандемиянын шартында эл үчүн керек болуп жаткан кычкылтек концентраторлорду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана оорукана жетекчилиги кабыл алып, элдин саламаттыгын сактоого көмөктөшкөн ишкерге ыраазылык билдиришти.

Ошондой эле ишкер Улан Бакасов ыкчам медициналык жардам көрсөткөн заманбап реанимациялык тез жардам унаасынан дагы 9ду белекке берди.  Ишкер март айынан бери 2000дей аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк таркатып, оор кырдаалда колдоо көрсөтүп келди.

Аны менен катар жергиликтүү бийликтин өтүнүчүн жоопсуз калтырбай, Улан Бакасов өз каражатына облустук стадионду да реконструкциядан өткөрдү.   

Количество просмотров: 201