• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Эл эмне жейт» тез татымындагы уулануунун себеби айтылды

3 Кулжа 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Эл эмне жейт» тез татымындагы ууланууга стафилококк себеп болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.

«Тез татымды текшердик. Алар жабылып, айып пул салынды. Мындан тышкары сендвич чыгарылган фирмаларды текшердик. Стафилококк салаттын жалбырагы менен помидордон табылды», — деп билдирди Эсенгулова.

Эске салсак, майдын башында аталган тамактануучу жайдан шаурма жеген 11 адам ууланган.

Количество просмотров: 279