Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев эл аралык адабий сыйлык менен сыйланды.
Маалым болгондой, Москва шаарындагы А. Скрябин атындагы үй-музейде буга чейин Евразия чыгармачыл Кеңешинин жыйыны өткөн. Анда аталган Кеңеш тарабынан негизделген Евразия эл аралык алтын сыйлыгы Маданиятка кошкон салымы үчүн Каныбек Иманалиевге тапшырылган.
Акын, жазуучу катары да белгилүү Каныбек Иманалиевдин «Арзуу ыры» поэтикалык жыйнагы, «Жоогазын ыры», «Алтын-Көлдүн ак куусу» сыяктуу повесттери, «Тагай бий», «Шабдан баатыр» сыяктуу тарыхый романдары окурмандардын кызыгуусун арттырган.