• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Эл өкүлү кызды сүзүп өлтүрүп, качып кеткен айдоочу үй камагына бошотулганын сындады

26 Үчтүн айы 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев сот адилетсиздиги боюнча фактыларга көңүл бурду.

«Калк арасында сот системасына ишеним жок», — деп элдин тандоосу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды. — Анан ушундай кырдаалда сот адилетсиздигинин ачык-айкын фактылары болуп жатат. Маселен, жөө адамдар өтүүчү жерден он сегиз жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу үч күндөн кийин гана кармалган. Сот анын баш коргоо чарасын — үй камагын чыгарган. Ал жасаган кылмышы үчүн түрмөдө бир күн да отурган эмес. Кечээ шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Мындай фактылар сот бийлигине болгон ишенимди кантип арттырат? Эмне үчүн соттор тарабынан көрүлүп жаткан алдын алуу чаралары мынчалык башкача? Коомдо бул кызуу талкууланып, калктын нааразычылыгын жаратууда.


Количество просмотров: 153