Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
ЖК депутаттары Кой-Таштагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга бүгүн түштөн кийин чогулушаары айтылууда.
Эске салсак, кечээ 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, жалпысан 40тан ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Андан тышкары, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал суракка баруудан баш тарткан.