• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Эл, жериңе ак кызмат кылуу керек». Азыкбаев алган сыйлыгы тууралуу…

1 Аяк оона 2022 14:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, композитор, музыкант, “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Курмангазы Азыкбаев III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Эл артистине куттуктап байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Биринчиден, Кудайга ыраазычылык билдириш керек. Экинчиден, ата-тегиң менен эл-журтуңа. Элдин кичүүсү болуу менен ыймандуулук, боорукерлик, сабырдуулуктун баарын бир жерге кармап, артыңдагы шакирттериңе сабак берсең өрчүй баштайсың. Кеп төш белгини алдым дегенде эмес. Кыргыз элине өмүр бою карыздар болуп, артыбыздагы муундар бизден артык болсун деген максатта эл, жериңе ак кызмат кылуу керек»,-деди Азыкбаев.

Кошумчалай кетсек, Азыкбаев улуттук күүлөрдөн тарта классикалык музыкаларды 37 аспапта аткара алат. 

Количество просмотров: 2720