• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курмангазы Азыкбаев: Министрликте реформа жасалбаса бала-чакам менен митингге чыгам

8 Бирдин айы 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-февралда белгилүү музыкант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Маданият министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыкты. Ал маданият тармагына да реформа керек деген талапты койду.

Анын айтымында бул тармактагы эски кадрлар кетмейинче өнүгүү болбойт.

«Мыкты кадрларды кызматка алышпайт. Эч бир шарт түзүп бербейт. Ротация жолу менен маселени чечпей, башка кадрларды алып, реформа жасоо керек. Бизде жада калса балдар үчүн жакшы жомок, мультфильмдер жок. Кыргыз эли “Кошкин домду” жана башка спектальдерды эле коюп калышты», — деди ал.

Маданият тармагы аксап жатканына нааразы болгон Азыкбаев реформа жасалбаса ал бала-чакасы менен митингге чыгаарын кошумчады.

Количество просмотров: 2072