Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Джекшенкулов Россияга чыгып жаткан жарандары кайрылуусу жасады.
Анда мындай деп жазылган:
— Эгерде Сиз Россияга чыгууну пландаштырып жатсаңыз, Россияга киргенде эле кайрадан чыгарылып кетпеш үчүн жана убактыңызды, ден соолугуңузду, акча каражатыңызды бекеринен коротпоо үчүн билет алаарда алдын ала өзүңүздүн фамилияңызды КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамекеттик миграция кызматынын расмий сайтында www.ssm.gov.kg «Миграционная амнистия 2019» деген бөлүмүндө , “кара тизмеде” жок экендигиңиз боюнча текшерип алууңузду өтүнөм.
Эгерде Сиз “кара тизмеде” бар болсоңуз, Кыргызстандын Россиядагы Элчисинин www.elchi.ruрасмий блогуна кирип, онлайн түрүндө маалымат жазууну сунуштайбыз. Сиздин статусуңузду тактоо жана “кара тизмеден” чыгаруу иштери үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн кошо салыңыз.
Мындан сырткары, Россияда жүргөн Сиздин досторуңуз, туугандарыңыз жана жакындарыңыз байланышка чыкпай, дайыны жок болуп жатса, www.elchi.ru расмий сайты аркылуу КРнын РФдагы Элчисине жоголгон жаранды табууга жардам көрсөтүү өтүнүч менен жеке кайрылсаңыз болот. Аны үчүн жарандын толук аты-жөнү, сүрөтү, паспортунун көчүрмөсү, РФна чыккан мезгили, акыркы турган же иштеген орду тууралуу маалыматтарды жазышыңыз керек.