• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Элчи Анарбаев Малайзиянын падышасына ишеним грамоталарын тапшырды

20 Жалган куран 202417:41 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Королу Султан Ибрагимге Ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Куала-Лумпур шаарындагы Улуттук Королдук сарайда өткөн салтанатта Элчи Анвар Анарбаев Малайзиянын Королуна жана элине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле, Элчи дипломатиялык миссиясы учурунда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын ишендирди.

Өз кезегинде Малайзиянын Королу Президент С.Н.Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын элине ѳз саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Количество просмотров: 137