Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Катардын эмири Чыңгыз Эшимбековду элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелер жакшы динамикада өнүгүп жатканын айтып, Катар Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө чын жүрөктөн кызыкдар экендигин белгиледи.
Элчи Ч.Эшимбеков президенти Сооронбай Жээнбековдун эмир мырзага даректелген жылуу саламын жолдоду жана кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экендигин билдирди. Ошондой эле жолугушуунун алкагында өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Булак: АКИ пресс.