• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Элчи Ибраимов Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды

13 Аяк оона 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Эгемендүүлүк Сарайында Кыргыз Республикасынын Беларусь республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрмек Ибраимов Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лукашенко саясий таасирине, географиялык алыстыгына жана экономикалык күч-кубатына карабай бардык өнөктөш чет мамлекеттер менен тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдирген.

«Лукашенконун сөзүндө, ар бир дипломаттан мамлекеттер аралык мамилелердин мүнөзү гана эмес, өз ара ишеним жана түшүнүшүү маанилүү деӊгээлде байланыштуу экендиги белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Лукашенко элчи Эрмек Ибраимовго кайрылып, Кыргызстан Белорусия үчүн салттуу түрдө маанилүү союздаш жана шериктеш болуп саналарын белгилеген.

Эки тараптуу мамилелердеги артыкчылыктуу милдеттеринин бири бул ЕАЭБтин дараметин пайдаланып, товар жүгүртүүнү өнүктүрүү. «Акыркы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүбүз 2,5 эсеге өсүшү буга күбө»,- деп кошумчалаган Лукашенко .

Количество просмотров: 34