Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 31-январда түзүлгөн «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин президентинин орун басары болуп Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, аталган академия президенти болуп Топчубек Тургуналиев дайындылган.
Белгилей кетсек, мекеме «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенет.