• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт

12 Чын куран 201913:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Азимбек Бекназаров билдирди.

Мыйзам долбоор иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодо өттү.

«27-апрелде экинчи элдик курултай өтөт. Ошол жерде кол топтоону баштайбыз. Конституцияга ылайык 10 миң жаран макулдугун берсе, мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет», — дейт Азимбек Бекназаров.

Референдумга үч суроо алып чыгылат: Президенттин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жылдык отчетун Бүткүл элдик курултайда каралышы жана ага баа берилиши; Президенттик, же парламенттик башкаруубу; Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо системасын өзгөртүү.

Элдик курултай референдумду 2019-жылдыгн 24-ноябрында өткөрүүнү сунуштайт.

«Президент Сооронбай Жээнбеков конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы. Ал 2020-жылга чейин өзгөртүүнүн кереги жок дейт. Биз анын позициясын ачык билдиргенин сыйлайбыз. Ушундай ачык айткан саясатчылар менен иштөөгө даярбыз. Бирок, биз 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформа зарыл деп эсептейбиз», — дейт Азимбек Бекназаров.

Количество просмотров: 21