• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилип жатат. Тарифке кимдер туташа алат?

27 Теке 202214:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилип жатат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган тарифке каалаган жарандар туташа алат.

“Тарифтин наркы 1 киловатт – 5 сом 4 тыйынды түзөт. Эгер абонент электр энергия аз берилип жатат десе, “чексиз” тарифине кошула алат”, — дейт ал.

Бекмурзаев электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин айтат.

“Кыргызстанда баары кымбаттады, бирок электроэнергия кымбаттаган жок Азыр энергосистеманы тейлөө кымбат болуп жатат – бензин, техника, жабдуулар”, — деди ал.

Количество просмотров: 1881