• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Электр кубатынын жапырт өчүшүнүн себеби айтылды

19 Кулжа 202515:30 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги 18-19-июнда Чүй облусунда жана Бишкекте электр кубатынын өчүшүнө түшүндүрмө беришти.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, көрүнүш кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу болду.

«Линиянын өткөрүү кубаттуулугу жетишсиз болуп, электр энергиясы убактылуу өчүп калган. Бирок, коопсуздук чаралары туура иштеп, жарылуу же өрттөнүү сыяктуу олуттуу зыян болгон жок. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жарыктын өчүшүнө «Кара-Балта – Главная» линиясы өчүп калганы себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.

Энергетиктер тиешелүү чараларды көрүп, учурда өлкөнүн энергетикалык системасы кадимки калыбында иштеп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 172