• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Электр станцияларында жетекчи алмашты

12 Бештин айы 2022 11:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы эң ири өндүрүүчү компания «Электр станциялары» ААКны жаңы башкы директор Осмон Качкынбаев жетектеди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, ал бул кызматка ден соолугуна байланыштуу төрагалыктан кеткен Айдаралиев Айбектин ордуна келди.

Качкынбаев Осмон Кененбаевич, 1977-жылы туулган, билими жогорку, адистиги боюнча инженер-гидротехник.

Энергетика тармагындагы эмгек жолун «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКда мастердин жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Мурдагы иштеген жери – “Электр станциялары” ААК филиалынын директору – Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2.

• «Электр станциялары» ААКсы – Кыргызстандын бардык электр энергиясынын 98% өндүрүүчү ишкана,

• «Электр станциялары» ААКсы 2001-жылы «Кыргызэнерго» ААКны реструктуризациялоонун натыйжасында түзүлгөн, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 93,65% болгон.

• «Электр станциялары» ААКсынын персоналынын жалпы саны 5500дөн ашык адамды түзөт.

• Компаниянын курамына 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ, «Бишкектеплосет» кирет.

• Жылдык өндүрүш — 12ден 14 млрд кВт/саатка чейин.

Количество просмотров: 194