«Электр станциялары» ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингдин» басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, Жөөтуманов 39 жашта болчу. Ал инсульттан улам 20-октябрда көз жумган. Анын артында үй-бүлөсү, төрт баласы калды.
Govori.TV мультимедиялык агенттиги Жөөтуманов Азамат Алымкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.