• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Элге электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

25 Бугу 2021 19:02 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Компаниянын маалыматы боюнча, электр энергиянын дефицити жогорку чегине жетип, алдыдагы күз-кыш мезгилинде кыйынчылык жаралат. Буга өлкөдө керектөөчүлөрдүн саны өсүп, ошол эле учурда кар аз жаагандыктан Нарын дарыясынан аккан суу азайып, көп жылдан бери сакталып турган нормадан төмөндөп кеткени себеп болгон. 

Энергетиктер дефициттин көлөмүн азайтуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын товар алмаша турган болуп алып жатат. 2022-жылга чейин аталган коңшулардан 1,6 миллиард киловатт-саат алып, 2021, 2022 жана 2023-жылдары жай айларында 550 миллион киловатт-сааттан үч этап менен кайтаруу каралган.

Экинчи чара — Бишкек ЖЭБден кошумча электр энергиясын өндүрүү, ал жактан бир миллиард киловатт-саат чыгарса болот.

Үчүнчү чара — бөлүштүрүү менен алектенген жана дүңүнөн алып саткан энергетикалык компаниялар тарабынан электр энергиясын керектөөнү катуу чектөө.

Компания элди зарыл болбосо электр кубатын көп короткон лампаларды колдонуудан баш тартып, жылытуу системасынын башка альтернативасына өтүүгө чакырат.

Количество просмотров: 103