• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Элге ок чыгарган кылмышкер карындашын өлтүрүп алды

5 Баш оона 201912:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.

АКШнын Дейтон шаарында элге ок аткан кылмышкер өзүнүн бир тууган карындашын да өлтүрүп алды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 4-августта жергиликтүү убакыт менен саат 2.00дө эркек киши Дейтон шаарынын Орегон районундагы барлардын биринде турган адамдарды аткылаган. Кылмышкердин аткан огунан 10 адам мерт болуп, 27си жаракат алган. Полиция набыт болгон адамдардын баары бир аймактан табылганын, арасында кылмышкердин 22 жаштагы карындашы Меган Беттс да бар экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, кылмышкердин өздүгү аныкталып, Беллбрук шаарында жашаган 24 жаштагы Коннор Беттс бир мүнөттөй ок чыгарып турганы аныкталган.

Количество просмотров: 15