• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Елизавета II: Жапаров элчиликтеги көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

12 Аяк оона 2022 16:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу жеке көңүл айтуу үчүн Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгынын жана Түндүк Ирландиянын падышасы Карл III, падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Бириккен Падышачылыктын жалпы элине чын ниеттен көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Количество просмотров: 118