• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Елизавета Печерских: Мен туулуп-өскөн өлкөмдүн атынан чыкканыма абдан сыймыктанам

3 Баш оона 202420:35 Бишкек Govori.TV

Олимпиада оюндарындагы дебютунан кийин сууда сүзүүчү Елизавета Печерских кыскача интервью берди. Эске салсак, Кыргызстандык спортчу 3-августта сууда сүзүү боюнча турнирде 30-орунга чыгып, сүзүү боюнча өз тобунда мараага биринчи келген.

-Олимпиададагы дебютуңуздагы эмоцияларыңыз менен бөлүшсөңүз...

-Мындай эмоцияларды сөз менен айтып, жеткириш кыйын го. Мен басып, ыйладым. Бардык эмоциялар бир убакта чыкты. Мен өмүр бою ушул жакка келем деп даярдандым. Бардык Азия чемпиондуктары, бардык рекорддор Олимпиада үчүн болду. Бирок, жыйынтык ушундай болуп калды. Мен туулуп өскөн өлкөмдүн атынан чыкканыма абдан сыймыктанам. Бул ар бир адам башынан өткөрө турган сезимдер.

-Сууда сүзүү кандай өттү?

-Сууга түшкөнгө чейин мен абдан тынч болчумун. Башка кыздар түйшөлүп жатышты, бирок мен өзүмдү токтоо кармадым. Азыр рекорд болот, жакшы мезгил болот деген ичимде ишеним бар болчу. Бирок кечээ эле титиреп каламбы деп кооптондум. Анткени, бул абдан маанилүү мелдеш эле. Бирок, ошентсе да, баары жакшы өттү. Жолдошум менен телефон аркылуу сүйлөштүм, ал мени тынчтандырды. «Мына ушул үчүн иштегенбиз»- деди.

-Убакытты көргөндө эмне деп ойлодуң?

-Башында ишенген жокмун. Бул KGZ да, Кыргызстан да эмес деп ойлогом.

– Эмоцияңыз сизди качан жеңди?

-Башталыш алдында, сигналдын алдында жеңди. Суудан чыга турган жерди карасам, баары менден жарым узундукта экен. Ыкчам сүзүп, жанымдагылардан аша баштадым. Жанымда азербайжандык аял бар болчу, Анын упай баракчасына көңүл буруп, 26,26 секунд убакытты кантип жеңе алам деп ойлодум.

Качан ыйладың?

«Кимдир бирөө кыйкырды: «Лиза сонун» деп ошону уктум…

Количество просмотров: 230