• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Элмирбек Иманалиевдин кызынын тою өткөн тойканага айып салынды

13 Баш оона 202011:10 Бишкек Govori.TV

Элмирбек Иманалиевдин кызынын тою болуп өткөн «Сары Челек» тойканасына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясына караштуу санитардык-экологиялык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Сары Челек» тойканасы той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын «бузуулар» жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык (Чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу) 3 миң сом айып пул салынган.

Эске салсак, 8-августта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде төкмө акындын кызынын тоюндагы сүрөттөр социалдык түйүндөрдө жарыяланып, той жакын адамдарынын катышуусунда өткөнү кабарланган.

Количество просмотров: 1540